Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Аба күчтөрү Россиянын стратегиялык авиациясынын активдүүлүгү тууралуу эскертүү берип жатат. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу Күчтөрү Telegram аркылуу билдиришти.
«Россиянын аба мейкиндигинде 11 Ту-95МС учагынын активдүүлүгү байкалды! Ракеталык коркунуч же канаттуу ракеталардын атылышы болсо, кошумча билдиребиз»,-деп айтылат билдирүүдө.
Стратегиялык бомбалоочулар Ту-95МС канаттуу ракеталардын алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн.
Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет
Дүй Авг 26 , 2024
Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик […]
