Курск областынын ыкчам штабы Глушков районунон бардык тургундарын милдеттүү түрдө эвакуациялоону чечти. 2022-жылдын 1-январына карата бул райондун калкынын саны 17 558 адамды түзгөн.
«Жергиликтүү тургундардын чыгуу процессин координациялоо күч органдарына, жергиликтүү администрацияга жана Курск борборунун «Патриот» ыктыярчыларына жүктөлгөн.
Глушков району Курск облусунун түштүк-батыш тарабында жайгашкан. 6-августта украин армиясы менен салгылаштар башталган Суджан району менен чектешет. Административдик борбору Глушково айылы, ал Украина чек арасынан 10 чакырым жана Курск шаарынан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстанда 13 миңден ашуун киши кызамыкка чалдыкканы айтылды
Бей Авг 15 , 2024
Кыргызстанда 13 076 адам кызамык илдетине чалдыккан. Бул тууралуу Иммунопрофилактика боюнча республикалык борборунун 12-августагы маалыматында айтылат. Ага ылайык, акыркы айларда илдетке чалдыккандардын саны азая баштаган. Мекеме оорунун басаңдаганына кызамыкка каршы эмдөөнүн активдүү жүргүзүлгөнүн жүйө келтирет. Маалыматка караганда, Таласта балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарында 76%, Баткен облусунда 72% эмдөөдөн өткөн. […]
