Украинанын Тышкы иштер министрлиги Беларусияга кайрылып, Гомель аймагынан аскерлерин алып кетүүгө чакырды.
Украина бийлиги Беларусиянын аскерлери, анын ичинде танк жана башка аскердик техникаларды Украинанын түндүк чек арасына топтоп жатканы жөнүндө маалымат алган. Ошондой эле, ал жерде Вагнердин мурдагы жалданма аскерлери бар экени айтылат.
Украина бул аракеттерди улуттук коопсуздукка коркунуч деп эсептеп, Беларусияга аскерлерин Украина чек арасынан алысыраак алып кетүүнү сунуштады. ТИМ эгер Беларусиянын аскерлери чек араны бузса, Украина өзүн коргоо укугун колдоноорун эскертти.
Чемпиондор Лигасы: Чүчү кулак кармоонун жаңы форматы 29-августта болот
Дүй Авг 26 , 2024
Чемпиондор Лигасынын 2024/25 сезонунда тайпалык баскычсыз өтөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда. Маалыматка ылайык, чүчүкулак 29-августта компьютердин жардамы менен өткөрүлөт. Мурда бардык тираждар кол менен жүргүзүлчү. 20 жыл бою Чемпиондор Лигасы ушул эле алгоритм боюнча өтүп келген: клубдар жайкысын, тайпалык баскычы күзүндө, ал эми плей-офф жазында башталат. Бирок […]
