

Мурдагы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө, коррупциялык схемалар боюнча бир катар фактылар аныкталды.
Кутманова кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.