reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Төрага Нурланбек Шакиев Казакстанга расмий сапар менен барды

Son Güncelleme :

26 июня 2023 - 10:20

reklam
Төрага Нурланбек Шакиев Казакстанга расмий сапар менен барды
reklam

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Казакстандын сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин чакыруусу менен аталган өлкөгө расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, расмий иш сапардын алкагында Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушары күтүлүүдө. Ошондой эле парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эскерте кетсек, төрага Нурланбек Шакиевди депутаттар Кундузбек Сулайманов, Данияр Төлөнов, Бакыт Тентишев, Бахридин Шабазов, Нурлан Ражабалиев, Нилуфар Алимжанова, Гүлшаркан Култаева жана Эмиль Токтошев коштоп барды.

reklam