reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9781 % % 0.13
EURO 31,5712 % % 0.17
GRAM ALTIN 1.924,30 % % 0,01
ÇEYREK A. 3.146,23 % % 0,01
BITCOIN 1.161.113 % 1.696
Соңку кабар
reklam
Google News

Төрага колониализм учурундагы зыяндын ордун толтурууга чакырды

Son Güncelleme :

04 августа 2023 - 15:21

reklam
Төрага колониализм учурундагы зыяндын ордун толтурууга чакырды
reklam

Россияда Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин АКШ, Британия жана Францияны колониализм учурунда келтирилген зыян үчүн африкалык мамлекеттерге компенсация төлөп берүүгө чакырды. Телеграмм каналында “Колониализм мезгилинде АКШ жана Европанын жогоруда аталган мамлекеттери кул соодасы менен алектенип, Америкага 15 миллионго жакын адамды ташыган. Улуу Британия 16-19-кылымдарда Атлантика океаны аркылуу 3 миллион кулду ташыган, муну тарыхчылар балким, анын бүткүл тарыхындагы эң оор кылмыш» деп аташат”,-деп белгиледи Володин.
«Убакыт өтүп жатат, бирок АКШнын жана бир катар Батыш өлкөлөрүнүн колониялык кызыкчылыктары жок болгон жок. Ыкмалар гана өзгөрүүдө. Африкадагы алтын, платина, уран, маанилүү минералдар жана сейрек кездешүүчү металлдардын кендери талкаланууда. Африкалык өлкөлөр алар үчүн чийки заттын булагы гана»,- деди.
Бириккен Улуттар Уюму Африка континентинин элдерине АКШ, Великобритания жана Франция келтирген зыяны үчүн компенсация берүү маселесин карап чыгышы керек, деп эсептейт саясатчы.

reklam