Түркияда  нааразычылык акциялары өттү

Түркияда нааразычылык акциялары өттү

Шаршемби күнү Стамбулда жана Түркиянын башка шаарларында оппозициядагы мэр Экрем Имамоглунун кармалышына каршы нааразычылык акциялары өттү. Аны келе жаткан президенттик шайлоодо Түркиянын азыркы лидери Режеп Тайип Эрдогандын негизги атаандашы деп эсептешет.
Нааразычылык акциялары Стамбулдун губернаторунун төрт күн бою көчө жүрүштөрүн өткөрүүгө тыюу салган буйругуна жана шаардагы күчөтүлгөн полиция көзөмөлүнө карабай башталды.
Полиция мэрияны курчап, айрым жолдорду жана Таксим борбордук аянтын тосуп койду. Нааразы болгондор мэриянын жанында, Имамоглу кармалып турган полиция бөлүмүндө, Стамбул университетинде жана башка жерлерде чогулушту.
«Бул болгон окуя – төңкөрүш жасоо аракети»,-деди Республикалык элдик партиянын лидери Өзгүр Өзел мэриянын алдында чогулгандарга кайрылып.
Окуя болгон жерден тартылган видеокадрлардан полициянын Стамбул университетинде студенттерди таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонгону көрүнөт. Алар окуу жайдын Имамоглунун жогорку билими тууралуу дипломун жараксыз деп табуу чечимине каршы чыгышкан.
Бул чечим саясатчы кармалаардан аз убакыт мурда кабыл алынган. Жогорку билими жок адамдар расмий түрдө президенттикке талапкер боло алышпайт.
Алдыдагы жекшемби күнү Республикалык элдик партиянын курултайында Экрем Имамоглу оппозициянын атынан 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары жарыяланмак.
Имамоглу эки тергөө иши боюнча фигурант болуп эсептелет. Аны коррупцияга жана террористтик уюмдар менен байланышы бар деп айыпташууда.
Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунч мэрдин саясий куугунтукка алынганы тууралуу айыптоолорду четке кагып, президент Режеп Тайип Эрдоганды оппозицияга каршы репрессиялар менен байланыштырып жаткан адамдарды сынга алды.
Башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы да Эрдоганга коюлган айыптоолорду четке кагып, Түркиянын сот системасынын көзкарандысыздыгын баса белгилешти.
Имамоглунун кармалышынан кийин нааразычылык акциялары борбор шаар Анкарада жана башка түркиялык шаарларда да өттү. Жекшемби күнү бүт өлкө боюнча ири акциялар болжолдонууда.

Бөлүшүү: