Трамп: Иран боюнча маселени жөнгө салууга болот

Автор

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасынын көйгөйүн дипломатиялык жол менен чечүүгө үмүтүн билдирди. Маалыматтарга караганда, Ислам Республикасына байланыштуу негизги сүйлөшүүлөрдү Ак сарайдын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф жүргүзөт. Ал Газа тилкеси боюнча келишим түзүүгө катышкан.
Ак сарайда журналисттердин суроолоруна жооп берген Дональд Трамп жакынкы аралыкта жогорку кызматтагы бир топ аткаминерлер менен кеңешерин билдирди. Негизги тема Израилдин Ирандын өзөктүк инфраструктурасына сокку уруу мүмкүнчүлүгү болмокчу. «Бул маселени жөнгө салууга болот деп үмүттөнөм. Иран келишимге барса жакшы болот, эгер барбаса ага деле макулбуз»,-деди Дональд Трамп.
Тегеран Вашингтон менен диалог жүргүзүүнүн зарылдыгын четке каккан жок. Бирок өзүнүн курал-жарак кампаларын толуктоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Фармацевтика жаатындагы салыктык жеңилдиктер талкууланды

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов фармацевтикалык бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда тармактагы салыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана фармацевтика бизнесинин өкүлдөрү катышты. Отурумда электрондук товардык накладнойлорду (ЭККЛ) колдонуу маселелери талкууланды. Фармацевтика тармагынын өкүлдөрү […]

You May Like