Орусиялык шахматчы Роман Шогджиев эң тез убакыт боюнча эл аралык мастерлик нормага жетишүү боюнча дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу «Чемпионат» басылмасы жазууда.
Маалыматка ылайык, Шогджиев биринчи эл аралык мастер наамын тогуз жаш он айлык кезинде алган. Ал аргентиналык Фаустино Оронун 2023-жылы жетишилген мурунку рекордун дээрлик бир айга жакшыртты.
Эл аралык мастер наамы гроссмейстер наамынын алдында турат. Шогджиев 2024-жылы декабрда Белградда өткөн RadnickiChess IM турниринде норманын бирине жеткен.
Эске салсак, Роман Шогджиев 2023-жылы 8 жашка чейинки балдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү жана 8 жашка чейинки балдар арасында 2022-жылкы Европа чемпиону. Анын классикалык шахмат боюнча азыркы рейтинги 2349. Блиц боюнча эң жогорку рейтингди орусиялык жаш жигит (2418) түзөт.