Акыркы окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кореянын аймагында жүргөн кыргызстандыктарды сактык чараларын күчөтүүгө жана зарылчылык болбосо жашаган жерлеринен чыкпоого чакырат.
“Коопсуздукту камсыздоо максатында жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана массалык иш-чараларга катышуудан толук баш тартууну өтүнөбүз”, – деп айтылат ведомствонун маалыматында.
Министрлик өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү байланыш номер аркылуу кайрылууну суранат: +82 10 9798 0951.
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси 20-мартка чейин камакта калды
Дүй Янв 20 , 2025
Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ал 20-мартка чейин камакта калды. Эске салсак, Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев 2024-жылы декабрда камакка алынган. Бөлүшүү:
