reklam
reklam
hava 11° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 29,0018 % % 0.05
EURO 31,2275 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.858,89 % % -0,41
ÇEYREK A. 3.039,29 % % -0,41
BITCOIN 1.237.000 % -3.042
Соңку кабар
reklam
Google News

Талас шаарына  Манастын айкели орнотулду

Son Güncelleme :

22 марта 2023 - 9:12

reklam
Талас шаарына  Манастын айкели орнотулду
reklam

Талас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Айкелдин ачылышы Нооруз майрамынын алкагында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.

Майрамдык салтанатта Улуттук «Манас» театрынын атайын концерттик программасы тартууланды.

Аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү борбор калаа Анкара шаарына тургузулган. Эстеликтин бийиктиги 12 метрди түзөт (өзү 6 м, постаменти менен 12м). Авторлору КРнын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.

reklam