reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.124.289 % 1.019
Соңку кабар
reklam
Google News

Столтенберг НАТОнун башында дагы бир жыл калат

Son Güncelleme :

05 июля 2023 - 10:02

reklam
Столтенберг НАТОнун башында дагы бир жыл калат
reklam

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 2024-жылдын октябрына чейин кызматта калаарын альянска мүчө өлкөлөр кабыл алышты. Бул тууралуу аткаминер өзү бышыктады.
Столтенберг: «НАТО боюнча өнөктөштөр менин башкы катчы катары ыйгарым укуктарымды 2024-жылдын 1-октябрына чейин узартууну чечкени үчүн сыймыктанам», — деди.
Столтенберг 2014-жылдан бери НАТОнун баш катчысы кызматын аркалап келет. Анын мөөнөтү эки жолу узартылган. Украин кризисинен улам Столтенберг 2023-жылдын сентябрынын аягына чейин кызматын сактап калды.
Белгилей кетсек, НАТОнун Башкы катчысын расмий шайлоо каралган эмес, альянс аны альянстын бардык мүчө-өлкөлөрүнүн макулдашуусунун негизинде дайындайт.

reklam