20-январда экинчи жолу АКШ президентинин кызмат ордуна киришкен Дональд Трамп инаугурациялык сөзүндө АКШнын «алтын доору» башталганын жарыялап, бардык согуштарды токтотууну жана Марска Американын желегин орнотууну убада кылды. АКШнын 47-президентинин негизги билдирүүлөрү:
Энергетика тармагы: Энергия булактарын казып алууну стимулдаштыруу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилет. АКШ мунай жана газды кеңири казып алууну баштап, бааларды төмөндөтүүгө аракет кылат.
«АКШнын күчү»: Бардык согуштарды токтотуп, дүйнөгө биримдиктин жаңы рухун алып келет.
Панама боюнча: АКШ Панама каналын кайрадан көзөмөлгө алат.
Марсты өздөштүрүү: АКШ өзүнүн территориясын кеңейтүүгө жана Марсты өздөштүрүүгө умтулат. «Биз америкалык астронавттарды Марска жөнөтүп, жылдыздуу-сызыктуу желекти орнотобуз», – деди Трамп.
Мексика булуңу: Мексика булуңу «Америка булуңу» деп өзгөртүлөт. Ал эми Түндүк Американын эң бийик чокусу Денали кайрадан Мак-Кинли деп аталат.
Мексика менен чек ара: Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал режими киргизилип, ал жакка аскерлер жөнөтүлөт. Мыйзамсыз мигранттарды мекенине кайтат.
Гендер маселеси: Болгону эки гендер – эркек жана аял деп таанылат.
Мамлекеттик цензура: Мамлекеттик цензураны токтотуу боюнча жарлык чыгарылат.
Климат боюнча Париж макулдашуусу: Президенттин сөзүнөн кийин Трамптын басма сөз катчысы АКШ Париж макулдашуусунан чыгарын билдирди.