Словакияда Фицонун отставкасын 100 миң адам талап кылды

Автор

24-январда Словакиянын ондогон шаарларында премьер-министр Роберт Фицонун саясатына каршы нааразычылык акциялары өттү. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Братислава көчөлөрүнө 60 миң адам чыкса, өлкө боюнча 30дан ашык шаарда 100 миңге жакын адам митингге катышты.
Митингчилер азыркы бийликти Россия менен кызматташууга толук түрдө чек коюуга жана Роберт Фицонун отставкага кетүүсүн талап кылышты.
Акциялары тынч өтүп, полиция менен кагылышуулар болгон жок.
Роберт Фицонун айтымында, Словакияда өлкө өкмөтүн кулатууга даярданып жаткан чет элдик эксперттер тобу бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Трамп: Иран боюнча маселени жөнгө салууга болот

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасынын көйгөйүн дипломатиялык жол менен чечүүгө үмүтүн билдирди. Маалыматтарга караганда, Ислам Республикасына байланыштуу негизги сүйлөшүүлөрдү Ак сарайдын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стивен Уиткофф жүргүзөт. Ал Газа тилкеси боюнча келишим түзүүгө катышкан. Ак сарайда журналисттердин суроолоруна жооп берген Дональд Трамп жакынкы аралыкта жогорку кызматтагы […]

You May Like