Физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль утуп алды.
Ал эми А. Молдокулов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев Ардак грамота алды.
21-28-июль күндөрү Кыргызстандан барган окуучулар Иранда өткөн физика боюнча 54-эл аралык IPHO-2024 олимпиадасына катышты.
Бектур Бараталини мугалим Дүйшөн Сатыбалдыев, Аскар Абдиевди Чынтемир Сабыров жана Улукбек Ажыбаев даярдашкан.
Президенттин Талас облусундагы өкүлү кызматынан бошотулду
Шар Июл 31 , 2024
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бөлүшүү:
