“Сапаттын” окуучусу программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло медаль утту

“Сапаттын” окуучусу программалоо боюнча Европа олимпиадасында коло медаль утту

З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу Айпери Акжолтоева программалоо боюнча европалык олимпиадасында коло медалга татыктуу болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын 11-классынын окуучусу Варвара Глинова катышуу сертификатын алды.
21-июлдан 27-июлга чейин өткөн европалык олимпиадагы 50дөн ашык өлкөдөн 194 окуучу информатика боюнча катышты.
Кыргызстандык команданы №61 АФМСЛнын информатика боюнча олимпиадасынын машыктыруучусу Артем Беляев жана «Сапат» Олимпиада борборунун информатика боюнча олимпиадасынын машыктыруучусу Кылычбек Урайымов жетектеп барды.

Бөлүшүү: