Самбо боюнча курама команда эл аралык мелдешке катышат

Самбо боюнча курама команда эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы Москва шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 23-26-март күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
– 64 кг Дастан Исаков, Белек Бараканов;
– 79 кг Байэл Жакшылыков;
– 71 кг Кубаныч Адилет уулу;
– 88 кг Фарух Мамаджанов;
Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Бөлүшүү: