Салык кызматынын мурдагы жетекчиси Алтынбек Абдуваповдун камактагы мөөнөтү узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, ал 20-мартка чейин камакта калды.
Эске салсак, Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычев 2024-жылы декабрда камакка алынган.
Декларация: Мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун канча байлыгы бар?
Дүй Янв 20 , 2025
Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылга кирешеси тууралуу декларациясын жарыялай баштады. Маалыматка ылайык, былтыр декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы кызматтынан кеткен Акылбек Жапаровдун бир жылдагы кирешеси 2 млн 826,6 миң сом болгон. Ошондой эле, анын декларациясында аянты 77,5 чарчы метр батири гана бар экени жазылган. Бөлүшүү:
