Кыргызстандын салык органдары салык төлөөчүлөргө мүлк салыгын төлөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн иштин күчөтүлгөн режимине өтүшөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери 2024-жылдын 29-30-августунда саат 21:00гө чейин, ал эми 31-августта 18:00гө чейин иштешет.
Салык төлөөчүлөр салык органдарына кайрылып, мүлк салыгын эсептөө жана төлөө боюнча консультация ала алышат.
Эскерте кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак жайларга, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.
Гемоглобинди кантип көтөрсө болот? Сунуштар
Шар Авг 28 , 2024
Кандагы гемоглобиндин деңгээлин жогорулатуу диетаны жана жашоо образын өзгөртүүнү талап кылышы мүмкүн. Бул жерде кээ бир сунуштар бар: 1. Көбүрөөк темир алуу: • Рационуңузга темирге бай азыктарды кошуңуз: кызыл эт, боор, канаттуулар, балык, жумуртка, шпинат, брокколи, буурчак жана бүт дан эгиндери. • Темир кошулмаларын колдонуңуз, бирок дарыгердин көрсөтмөсүнө ылайык гана. […]
