reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9939 % % 0.02
EURO 31,1826 % % -0.13
GRAM ALTIN 1.855,75 % % -0,58
ÇEYREK A. 3.034,15 % % -0,58
BITCOIN 1.225.758 % -4.103
Соңку кабар
reklam
Google News

Садыр Жапаров  Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты

Son Güncelleme :

11 июля 2023 - 13:37

reklam
Садыр Жапаров  Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты
reklam

Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ардактуу конок катары Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жаткан улуттук Наадам майрамынын ачылыш аземине катышышты.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады.

Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, бул майрамда салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт.

Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланып, ал улуттук кийимчен бийлер, ат жалында чеберчилик жана башка көптөгөн нерселер менен коштолду.

reklam