Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берди. Бул тууралуу маалымат мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ылайык, сөгүш президенттин Кытайга жасала турган мамлекеттик иш-сапарын даярдоодо келтирилген одоно катасы жана «мамлекеттик кызматкерлердин өз ара карым-катнашынын этикасын бузгандыгы» үчүн берилген.
“Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси Мусаева Актилек Ишенгазыевнага сөгүш берилди”, – деп жазылат билдирүүдө