Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Фейзбуктагы баракчасына пост жазды.
“Урматтуу мекендештер!
Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу.
Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы.
Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, – деп жазды өлкө башчысы.
Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 700 тонна буудай аныкталды
Шар Авг 21 , 2024
Кыргызстанга Орусиядан 700 тонна буудай мыйзамсыз ташылып келген. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти “Беловодск” темир жол станциясына “Орион Экстра” ЖЧК тарабынан 10 вагон буудай Россиядан Кыргызстанга ташып кирүүдө бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушун аныктаган. […]
