reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди

Son Güncelleme :

17 марта 2023 - 11:37

reklam
Садыр Жапаров Аксы окуяларында курман болгондордун элесин эскерди
reklam

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуяларын эскерүү күнүндө 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналып тургузулган «Ала-Тоо» аянтындагы Монументке гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Иш-чарага ошондой эле, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы — президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

reklam