reklam
reklam
hava Bulutlu
DOLAR 28,9919 % % 0.23
EURO 31,2252 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.866,62 % % -1,07
ÇEYREK A. 3.051,92 % % -1,07
BITCOIN 1.275.075 % -0.753
Соңку кабар
reklam
Google News

Россия Африка өлкөлөрүнүн 23 миллиард доллар карызын кечти

Son Güncelleme :

29 июля 2023 - 10:08

reklam
Россия  Африка өлкөлөрүнүн 23 миллиард доллар карызын кечти
reklam

Россия Африка өлкөлөрүнүн 23 миллиард доллар карызын кечти. Бул тууралуу президент Владимир Путин Санкт-Петербургда өтүп жаткан Россия-Африка саммитинде  билдирди.

Президент кошумчалагандай, Россия Африка өлкөлөрүнө айыл чарба азыктарын жеткирүүнү көбөйтөт. «Африка өлкөлөрүнүн акыркы суроо-талаптарына ылайык, биз бул максаттарга, аларды өнүктүрүүгө 90 миллион доллардан ашык каражат бөлөбүз»,-деди Путин.

Путиндин айтымында, санкцияларга карабастан  2022-жылы Африка өлкөлөрүнө 11,5 миллион тонна, ал эми быйылкы жылдын алты айында  10 миллион тонна эгин жөнөтүлгөн.

Россия-Африка саммити 27-28-июль күндөрү Санкт-Петербургда өттү. Россияга Африканын 54 өлкөсүнөн 49 адамдан турган делегация келди.

reklam