reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

Пригожин: Биз колонналарыбызды артка буруп, карама-каршы тарапка кетип жатабыз

Son Güncelleme :

25 июня 2023 - 0:29

reklam
Пригожин: Биз колонналарыбызды артка буруп,  карама-каршы тарапка кетип жатабыз
reklam

Евгений Пригожин колонналарды буруп,  Россиянын шаарларынан талаа лагерлерине кеткенин жарыялады. Бул тууралуу өзүнүн Telegram-каналында аудио  аркылуу билдирди.  «Биз 23-июнда «Акыйкат маршына» бардык.  Бир күндө Москвага 200 чакырым  жетпеген аралыкка  келдик.  Азыр кан төгүлө турган учур.  Бир тараптан орустардын каны  төгүлө турганын эске алып бардык жоопкерчиликти түшүнүү менен  колонналарыбызды артка  бурдук»,-деген Пригожин аудио кайрылуусунда.
Кечээ кечинде Россияда «Вагнер» компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин куралдуу баш аламандык уюштурганын жарыялаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк интернетте Евгений Пригожиндин Вагнер»  Ростовдогу бардык аскердик объектилер, анын ичинде аэродромду көзөмөлдөп жатканын айткан видеосу чыккан.
Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко  Владимир Путин менен макулдашып, Вагнердин  жетекчиси Евгений Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирген.
Натыйжада, Лукашенко менен Пригожин Россиянын аймагында  жаңжалдарды чыгарууга жол берилбестиги жөнүндө макулдашууга келишкен.  Евгений Пригожин Лукашенконун Россиянын аймагында «Вагнер» компаниясынын куралдуу кызматкерлеринин кыймылын токтотуу жана чыңалууну басаңдатуу боюнча мындан аркы кадамдарды жасоо сунушун кабыл алган.

reklam