reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2522 % % 0.16
EURO 28,9118 % % 0.22
GRAM ALTIN 1.676,01 % % -0,02
ÇEYREK A. 2.740,27 % % -0,02
BITCOIN 719.707 % 0.549
Соңку кабар
reklam
Google News

Президенттин кудасы экс-президентке тиш кайрады

Son Güncelleme :

29 июня 2023 - 9:37

reklam
Президенттин кудасы экс-президентке тиш кайрады
reklam

«Сооронбай Жээнбеков бүгүн экс-президент деген статусу менен резиденцияда жашап, мамлекеттин эсебинен тамактанып, 100 миңден ашык пенсия алып жашап жатат. Анысы аз келгенсип, мамлекеттик күзөт кызматы коопсуздугун камсыздайт. Мен анын баарын эсептетип жатам»,- деп билдирди  Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев “Азаттык” радиосуна курган маегинде. Ал жакынкы күндөрү президент Садыр Жапаровго кайрыларын, анын жакындарына да, мамлекеттен жеңилдик берилип, берилбесин изилдеп жатканын, атайын мыйзам жазып, анын «экс-президент» деген макамын жокко чыгартууга аракет жасаарын айтты. Депутат белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков «экс-президент» деген макамга татыксыз.

Акылбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кан кудаасы экенин айтып келет. Анын мындай билдирүүсү экс-президенттин тарапташтарын дүргүтүп, коомду экиге бөлдү.

reklam