

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында «Ислам аалымдары жыйыны» консервативдүү партиясынын курултайында болгон жардыруудан 40 киши көз жумса, 200дөй киши жараат алды.
Полициянын маалыматы боюнча, курултайда партиянын лидерлери менен сүйлөшүп жатканда жанкечти бомбаны жардырган. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф иликтөө жүргүзүүгө буйрук берди.