“Париж -2024”: Орусия  спортчулары Олимпиада оюндарына чакырылбайт

“Париж -2024”: Орусия  спортчулары Олимпиада оюндарына чакырылбайт

Россия Федерациясы менен Беларус спортчулары  2024-жылы Парижде өтүүчү XXXIII жайкы Олимпиада оюндарына чакыруу алышпайт. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинен (МОК) расмий сайтында айтылат.

“Олимпиадага чакыруу 26-июлда  жалпы 203 Улуттук олимпиадалык комитеттерге (УКК) жөнөтүлөт”, – деп билдирет  спорттук уюмдун басма сөз кызматы. “Аларга Россия менен Беларустун, ошондой эле Гватемаланын Улуттук Олимпиада комитети кирбейт”.

Эске салсак, 2022-жылдын жазында Эл аралык Олимпиада комитети Россиянын Украинадагы атайын операциясына байланыштуу эл аралык спорт федерацияларына орусиялыктарды жана белорустарды эл аралык мелдештерге катышуудан баш тартуу боюнча сунуш берген.

Бөлүшүү: