Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты.
Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды.
Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиада оюндарында медалга ээ болгон алгачкы Кыргызстандык мушкер болду. Жарым финалга чыгуу мушкерге коло медалды алып келет. Финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргызстандыктын мушкердин атаандашы Болгариянын желеги астында ат салышкан дагы бир кубалык Хавьер Диас болмокчу. Медаль үчүн оюндар 8-августта башталат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.
Париж-2024: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат
Дүй Авг 5 , 2024
Бүгүн, 5-августта Олимпиада оюндарында эки кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат. Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограмм салмак, Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер күрөшү боюнча 68 килограмм салмак категориясында беттешет. Беттеш 19:00до башталат. Жалпы Кыргызстандын атынан 10 балбан өлкө намысын коргойт. Бөлүшүү:
