Панама өкмөтү АКШнын президенти Дональд Трамптын Панама каналы боюнча билдирүүлөрүнө байланыштуу тынчсыздануусун БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерришке билдирди.
Гутерришке жөнөтүлгөн катта Панаманын БУУдагы өкүлчүлүгү Трамптын инаугурация учурундагы билдирүүлөрү “тынчсыздануу жаратып жатканын” айткан.
“Биз сизден бул билдирүүнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө жеткирүү үчүн жардам берүүнү суранабыз”,-деп жазылган Панама өкмөтү тарабынан маалымат каражаттарына таратылган катта.
2025-жылдын 20-январындагы инаугурациядагы сөзүндө Дональд Трамп Панама каналын кайра кайтарып аларын ырастаган.
Кыргызстанда тоо лыжасы боюнча мелдештер өтөт
Шар Янв 22 , 2025
28-январдан 1-февралга чейин “Кашкулак” лыжа базасында FIS эл аралык федерациясынын колдоосу астында кезектеги эл аралык мелдештер өткөрүлөт. Кыргызстандын лыжа спорту федерациясы тарабынан уюштурулган Борбор Азиянын эң күчтүү спортчулары эки дисциплина – гигант слалом жана атайын слалом боюнча күч сынашат. Уюштуруучулар “Ар бир старт – бул кадам” чакырыгы алдында Олимпиадага лицензия […]
