Палестин бийликтери Израил Махмуд Аббастын Газага баруусуна жолтоо болуп жатканын айтууда. Президенттин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси Рияд аль-Малики билдиргендей, палестин бийлиги уруксат сураган эмес, бирок анын сапары жарыялангандан кийин Израилден жооп келген.
“Бул Газа Израилдин аскердик оккупациясы астында экенин гана билдирет. Бирок биз президенти Палестин аймагынын каалаган бөлүгүнө баруу үчүн израилдик оккупанттардан уруксат сурабайбыз”,-деди Рияд аль-Малики.
Палестинанын президенти 15-августта Газага барууну көздөгөн. Андан кийин ал Иерусалимге барууну пландаган.
Махмуд Аббас Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймакты башкарып келет.
Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучусу сыйланды
Жум Авг 23 , 2024
Парижде мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучу Акмаль Хасанов сыйланды. Бул тууралуу Чыңгыз Айматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форумунун башкы катчысы Ассоль Молдокматова билдирди. Өзбек машыктыруучу Акмаль Хасановго Олимпиада учурунда көрсөткөн адамгерчилиги, толеранттуулугу үчүн Чыңгыз Айтматов атындагы медаль Ташкент шаарында ыйгарылды. Бөлүшүү:
