reklam
reklam
hava 11° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 29,0009 % % 0.04
EURO 31,2318 % % 0.03
GRAM ALTIN 1.862,13 % % -0,24
ÇEYREK A. 3.044,58 % % -0,24
BITCOIN 1.232.250 % -3.719
Соңку кабар
reklam
Google News

Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Son Güncelleme :

23 февраля 2023 - 5:36

reklam
Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
reklam

Ош облусунун аймагында жер титиреди.Бул тууралуу Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Тажикстандагы жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

reklam