reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылды

Son Güncelleme :

14 июля 2023 - 14:14

reklam
Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылды
reklam

Ошто кумар оюндары уюшулган жай жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, тергөө иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, техникалары алынган.

 

«Мындан бир  нече күн мурда Ошто казино иштеп жатканы боюнча видео тараган. Бул факты боюнча ИИМ ыкчам чараларды көрүп, маалыматты териштирген. Анын жыйынтыгында аталган жай казино эмес, букмекер экени аныкталган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында бинардык опциондорго жамынган 30дан ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда онлайн каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон»,-деп жазды ал.

 

Учурда Бишкек, Ош, Чүй, жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тергөө иштери уланууда.

reklam