Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын жамааты Москва шаарында биринчи жолу беш спектакль коюшат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-августтан 3-сентябрга чейин кыргызстандык артисттер Моссовет театрында төмөнкү спектаклдерди ойношот:
Күрөк ханышасы (30-август);
Мастер жана Маргарита (31-август);
Сүйүү жана кептерлер (1-сентябрь);
Баба Шанель (2-сентябрь);
Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт (3-сентябрь).
Харрис Трамп менен дебаттан баш тартты
Шей Авг 20 , 2024
АКШнын президенттигине талапкер болгон Дональд Трамп АКШнын вице-президенти Камала Харрис 4-сентябрда Fox News каналында дебаттардан баш тартканын билдирди. Башында Камала Харрис менен Дональд Трамптын сентябрда Пенсильвания жана Мичиганда алгачкы дебаттарын өткөрүүсү пландалган. Жолугушуулар 4-сентябрга (Fox News), 10-сентябрга (ABC News) жана 25-сентябрга (NBC) белгиленген. Бөлүшүү:
