reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9905 % % 0.01
EURO 31,1862 % % -0.11
GRAM ALTIN 1.848,94 % % -0,95
ÇEYREK A. 3.023,02 % % -0,95
BITCOIN 1.227.467 % -4.179
Соңку кабар
reklam
Google News

Орусиялык спортчулар Азия оюндарына чакырылган жок

Son Güncelleme :

10 июля 2023 - 9:15

reklam
Орусиялык спортчулар Азия оюндарына чакырылган жок
reklam

Орусиялык спортчулар Кытайда өтө турган  Азия оюндарына чакырылган жок. Бул тууралуу Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Станислав Поздняков билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Азия оюндарына Орусия менен Беларустун спортчулары катыша ала турганы айтылган.

Азия оюндарына Орусиядан 500гө жакын спортчу бейтарап статуста катыша ала турганы маалымдалган. Бирок Орусиянын Олимпиада комитетинин президенти Станислав Поздняков бул маалыматты четке какты.

Буга чейин Азиянын Олимпиадалык кеңешинин (ОСА)  башкы катчысы Хусейн аль-Мусаллам орусиялык жана беларусиялык спортчулар Азия оюндарына бейтарап статуста кабыл алынышы мүмкүн экенин билдирген. Оюндар Кытайдын Хачжоу шаарында 23-сентябрдан 8-октябрга чейин өтөт.

 

reklam