

Бишкек шаардык Кеңешинин «Өнүгүү» фракциясынан депутат Жаныбек Асанбеков шаардык Кеңештин май айындагы отурумунда вице-мэр Нурдан Орунтаевди отставкага кетип-кетпешине кызыкты. «Батуми кафесин көчүрүп, кайра төлөп бермек болдуңуз. Өмүр бою тергөөчү болуп иштеген экенсиз, эми 3 млн сомду кайдан табасыз? Кылмыш иш козголду, отставкага кетесизби»,- деп сурады эле вице-мэр «менин отставкага кетип, кетпешимди силер чечпейсиңер. Эгер ошондой болсо, эң биринчи силер угасыңар. Ал эми тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка сурооңузга жооп бере албайм»,- деди.