Бүгүн – 21-мартта калган Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер менен катар эле Кыргызстанда да Нооруз майрамы белгиленүүдө.
Нооруз — аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы. Бекеринен «Ноу» — жаңы, «руз»- күн — деп айтылбаса керек.
Ал эми кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, көзү өтүп кеткен жакындарына, жалпы арбактарга куран окуп бата кылышат. Үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат.
Ар бир үйдө колунан келген даамын, тамак-ашын жасап, дасторкон жайышат. Ноорузда атайын кастарлап жасалуучу даамдын бири — сүмөлөк.
Кыргызстанда Ноорузга байланыштуу каада-салттардан тышкары элдик фольклордук ыр-күүлөр жаңырып, улуттук ат оюндары, спорттук мелдештер уюштурулат.
