reklam
reklam
hava 10° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9857 % % 0
EURO 31,1701 % % -0.16
GRAM ALTIN 1.846,31 % % -1,09
ÇEYREK A. 3.018,71 % % -1,09
BITCOIN 1.219.414 % -4.686
Соңку кабар
reklam
Google News

НАТО саммитинин экинчи күнү уланууда

Son Güncelleme :

12 июля 2023 - 16:15

reklam
НАТО саммитинин экинчи күнү уланууда
reklam

Вильнюста НАТОго мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусунда НАТОнун саммити уланууда.

Жыйынга 31 мүчө-өлкөнүн, ошондой эле альянска чакырылган өлкө катары Швециянын лидери катышууда.

Мындан тышкары, саммитке НАТОнун Индо-Тынч океан боюнча өнөктөштөрү Япония, Түштүк Корея, Австралия жана Жаңы Зеландия, ошондой эле Европа Биримдиги (ЕБ) катышууда.

Талкуунун ачылышында сүйлөгөн НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Европа менен Атлантикадагы аймактык альянс экенин, бирок анын алдында турган чакырыктар глобалдуу экенин айтты.

Анын айтымында, Евро-Атлантика жана Индо-Тынч океан аймактарында болуп өткөн окуялардын өз ара таасир тийгизүү жагынан чоң мааниси бар. «Украинадагы жаңжал глобалдык масштабдагы кесепеттерге алып келет, терроризм жана киберкоркунучтар чек араны билбейт, авторитардык режимдер жакындап баратат», — деп белгиледи Башкы катчы.

reklam