Сицилиянын жээгинде чөккөн яхтанын ичинен британиялык мультимиллионер жана анын кызынын сөөгү табылды. Bayesian аттуу кеме бир нече күн мурда кырсыкка учураган.
59 жаштагы британдык миллиардер Майк Линч жана анын 18 жаштагы кызы Ханна бул окуяда көз жумган.
Маалыматтарга караганда, кырсык болгон учурда кемеде 22 адам болгон. Алардын көпчүлүгү Улуу Британиянын жарандары болчу.
Италиялык жээк коргоо кызматы билдиргендей, Bayesian яхтасы капыстан башталган катуу шамалга кабылып, дүйшөмбү күнү эртең менен Сицилиянын борбору Палермого жакын жерде чөгүп кеткен.
Айыл чарба тармагында ири 100 долбоор ишке ашырылат
Бей Авг 22 , 2024
Кыргызстандын айыл чарба тармагында ири 100 долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Учурда анын […]
