Молдованын президенти Майя Сандунун ити Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен итти эркелеткиси келгенде анын колун тиштеп алган.
Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен менен Словениянын президенти Наташа Пирк-Мусар Молдовага барышты. Алар республиканын лидери Майя Санду менен администрация имаратынын айланасында сейилдөө учурунда окуяга кабылышты. Сандуга таандык Кодрук аттуу ит Ван дер Беллендин колунан тиштеп алган. Санду үй жаныбарына жакындап, аны эркелетип жаткан. Кийинчерээк анын колу таңылып жүргөнү байкалган.
Гүлжан Каримованын баш коргоо чарасы каралат
Жум Ноя 17 , 2023
Журналист Гүлжан Каримованын бүгүн баш коргоо чарасы каралат. Ал кечээ УКМК тарабынан 48 саатка камалган. Белгилүү болгондой, журналист Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелди деп айыпталууда. Ага январь айында ФБ баракчасына жазган посту себеп болгон. Гүлжан Каримова кыргыз тилинде жарык көргөн жана абройлуу делген «Назарньюс» сайтынын негиздөөчүсү. Бөлүшүү: