АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика жана Канада үчүн бажы төлөмдөрүн бир айга токтотту. Бул чечим аталган өлкөлөрдүн АКШ чек арасындагы аскердик күчтөрүн көбөйтүү убадасынан кийин кабыл алынган. Максат Америкага мыйзамсыз ташылып жаткан баңги заттарды токтотуу болду.
«Мен президент Трамп менен жакшы сүйлөштүм. Канада чек ара коопсуздугун чыңдоо үчүн 1,3 миллиард долларлык планды ишке ашырат. Бул жаңы тик учактарды, технологияларды жана кошумча кызматкерлерди тартуу менен чек араны бекемдейт. Чек араны коргоо үчүн учурда 10 миңге жакын киши иштеп жатат жана дагы көбөйтүлөт»,-деп билдирди Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Х платформасында.
Акыркы сутка ичинде Трамп Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум менен да сүйлөшүп, чек ара коопсуздугун күчөтүү боюнча ушул эле шарттарда макулдашты.
Ага ылайык, Мексика АКШнын түндүк чек арасын кайтаруу үчүн 10 миң аскерин жөнөтөт.
Трамп 2-февралда Канада менен Мексикадан импорттолгон товарларга 25 пайыз бажы төлөмүн, ал эми Кытайдан келген товарларга 10 пайыз төлөм киргизерин жарыялаган. Ал бул чараларды «Мексиканы, Канаданы жана Кытайды мыйзамсыз иммиграцияны жана уулуу баңги заттарынын агымын токтотууга мажбурлоо» максаты менен түшүндүргөн.