Медер Абакиров тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Автор

Абакиров Медер Омурбекович тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жаңы орун басарды министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев эмгек жамаатына тааныштырып жатып, Медер Абакировдун жогорку кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн, анын негизги тышкы саясий маселелерди натыйжалуу чечүүгө даяр экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле ал тышкы саясаттын ырааттуу жана динамикалуу стратегиясы Кыргызстандын эл аралык беделин чыңдоодо маанилүү ролду ойной турганын билдирип, жаңы дайындалган орун басардын ишине ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Жо Байден америкалыктар менен коштошту

АКШ президенти Жо Байден америкалыктарга кайрылып, олигархиянын демократияга коркунуч жаратып жатканын билдирди. Ал Конституцияны өзгөртүп, президенттин кызмат мөөнөтүндөгү кылмыштары үчүн жоопкерчиликтен качуусуна жол бербөө керектигин айтты. Кайрылуу Ак сарайдын Ютуб каналынан көрсөтүлдү. Байден Дональд Трампка бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергенин айтып, жаңы администрацияга ийгилик каалады. Ал ошондой эле Газадагы […]

You May Like