reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Маск АКШны Украина эмес, өзүнүн чек арасын ойлоого чакырды

Son Güncelleme :

29 сентября 2023 - 15:03

reklam
Маск АКШны Украина эмес, өзүнүн чек арасын ойлоого чакырды
reklam

Америкалык саясатчылар Украина чек арасына караганда Американын Мексика менен чек арасы жөнүндө көбүрөөк ойлонушу керек.  Бул тууралуу миллиардер Илон Маск социалдык тармактарда билдирди.
«Эмне үчүн эки тараптын тең көптөгөн америкалык саясатчылары Украинанын чек арасына АКШнын чек арасына караганда жүз эсе көп кам көрүшөт?»,-деп жазган Маск. Ал  америкалык чек арадагы абал күн сайын начарлап баратат»,-деген.
Ишкер 28-сентябрда Мексика менен чектеш Техас штатындагы Eagle Pass шаарына чынында эмне болуп жатканын көрүү үчүн барган.  Өзү иммигрант болгон бизнесмен Америка Кошмо Штаттарына эмгекчил, чынчыл жана өлкөгө салым кошо ала турган ар бир адам мыйзамдуу түрдө кире алышы үчүн чоңураак иммиграция системасы керек деп эсептейт.
Буга чейин Reuters агенттиги АКШ-Мексика чек арасында мигранттардын жаңы агымы болгонун, чек арага 142 миңден ашуун адам келгенин кабарлаган.

reklam