reklam
reklam
hava 20° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.122.177 % 0.979
Соңку кабар
reklam
Google News

  Мандаттан кол жууган эки депутат БШКны сотко берди

Son Güncelleme :

11 июля 2023 - 16:09

reklam
   Мандаттан кол жууган эки депутат БШКны сотко берди
reklam

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко арызданды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы  билдирди.

 Маалыматка ылайык, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгондугу айтылган.

reklam