reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9939 % % 0.02
EURO 31,1826 % % -0.13
GRAM ALTIN 1.855,75 % % -0,58
ÇEYREK A. 3.034,15 % % -0,58
BITCOIN 1.225.758 % -4.103
Соңку кабар
reklam
Google News

Мал салыгы тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынды

Son Güncelleme :

31 мая 2023 - 14:00

reklam
Мал салыгы тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынды
reklam

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев  мал ээлерине салык салуу тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуудан алынганын билдирди.  Бул тууралуу эл өкүлү соцтармактагы баракчасына жазды.

«Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору коомдук талкуудан алынды. Белгиленген сандан ашкан мал жандыкка салык киргизүү, ошондой эле жер салыгынын суммасын көбөйтүү боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун дагы да болсо тереңирээк изилдеп, тактап кошумча иштеп чыгуу максатында коомдук талкуудан алынды. Эсиңиздерге сала кетсем бул демилге 80% тегерегиндеги дотацияда отурган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешесин көбөйтүүгө багытталган. Жер салыгынан болжолдуу 2,5 миллиард, ал эми мал жандыкка салыктан 1,2 миллиардтын тегерегиндеги каражат чогулмак. Чогулган каражаттын 100% тиешелүү айылдын бюджетине түшмөк.

Бул деген жайыттарды жакшыртуу, ар бир айылдагы муниципалдык, ветеринардык врач, таза суу, ички жолдор, мектеп, бала бакчаларды оңдоо жана башка иштерине максаттуу жумшалып, өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт», — деп жазат депутат.

reklam