Франциянын президенти Эммануэль Макрон премьер-министр Мишель Барньенин өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу арызын кабыл алды. Парламенттин ишеним көрсөтпөө вотумунан кийин өкмөт отставкага кетти. Бул учурдагы Франциянын тарыхында биринчи жолу премьер-министр өз кызматында болгону үч ай гана иштеди.
«Бүгүн премьер-министр республика президентинин атына өз өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу арыз берди. Аны президент кабыл алды. Мишель Барнье өкмөт мүчөлөрү менен чогуу жаңы өкмөт дайындалганга чейин учурдагы иштерди аткарууну улантат»,-деп айтылат Елисей сарайынын билдирүүсүндө.
Эммануэль Макрон 5-сентябрда «Республикачылар» оңчул партиясынын мүчөсү Мишель Барньени премьер-министр кылып дайындаган. Ал Макрондун эки президенттик мөөнөтүндө иштеген бешинчи премьер-министр.