reklam
reklam
hava 12° Parçalı Bulutlu
DOLAR 28,9939 % % 0.02
EURO 31,1826 % % -0.13
GRAM ALTIN 1.855,75 % % -0,58
ÇEYREK A. 3.034,15 % % -0,58
BITCOIN 1.225.758 % -4.103
Соңку кабар
reklam
Google News

Макронго адамдын кесилген манжасы жөнөтүлдү

Son Güncelleme :

13 июля 2023 - 15:30

reklam
Макронго адамдын кесилген манжасы жөнөтүлдү
reklam

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Париждеги расмий резиденциясына белгисиз адамдар адам манжасы менен кат жөнөтүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Елисей сарайынын кат алышуу бөлүмү катты 9-10-июлда почта аркылуу алган.

Конвертте адамдын кесилген манжасы болгон. Окуя салттуу түрдө 14-июлда белгиленүүчү Бастилияны алуу күнү улуттук майрамынын алдында болду. Бармакты полиция кызматкерлери тамак-аш сактаган муздаткычка коюшкан.

Кийинчерээк полиция манжага ээлик кылган адамды табышкан. Башка маалымат берилген жок.

Елисей сарайы кырдаал боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

reklam