Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарова Айнура Алмасбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан алынып, анын ордуна Абдыкалыкова Гулбара Кадырбековна дайындалды.
Маалыматка ылайык, министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырды.
Гулбара Абдыкалыкова бул кызматка дайындалганга чейин «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп эмгектенип жаткан.
Ламин Ямал Европа чемпионаттарынын тарыхындагы эң жаш гол киргизген оюнчу аталды
Шар Июл 10 , 2024
Испания курама командасынын оюнчусу Ламин Ямал Франция курамасына каршы беттеште гол киргизип, Европа чемпионаттарынын тарыхында эң жаш гол киргизген оюнчу болуп к алды. Испаниялык футболчу Евро-2024 жарым финалдык беттешинин 21-мүнөтүндө гол киргизди. Беттеш болгон күнү Ямал 16 жаш 362 күнгө толду. Испаниялык футболчу 18 жаш 141 күндүк курагында Евро-2004до Франциянын […]
