reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Лионель Мессинин “Барселона” клубуна кайтып келери айтылды

Son Güncelleme :

18 апреля 2023 - 10:05

reklam
Лионель Мессинин “Барселона” клубуна кайтып келери айтылды
reklam

«Барселона» футболдук клубунун президенти Жоан Лапорта күйөрмандар менен баарлашуу учурунда франциялык «Пари Сен-Жермендин» чабуулчусу Лионель Месси мурдагы клубунун лагерине кайтып келерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.

Жекшембиде «Барселона» конокто «Хетафе» менен кез келди (0:0). Оюндун алдында клубдун машыктыруучусу  Лапорта сүрөткө түшүп, күйөрмандар менен баарлашкан. Күйөрмандардын бири Мессинин командага кайтып келер-келбесин сурашкан.

Эске салсак, Месси 2021-жылдын 30-июнунда «Барселона» менен келишим аяктаганына байланыштуу эркин агент статусун алган. Андан кийин ал ПСЖ менен келишим түзгөн.

Месси Барселонанын жаштар командасына 13 жашында кошулган. Испаниялык клубдун курамында Лионель бардык мелдештерде 778 матчка катышып, 672 гол киргизип, 305 пас берген.

Аргентиналык «Барселона» клубу  менен бирге он жолу Испания чемпиондугун жана төрт жолу Чемпиондор Лигасын уткан.

Мессинин колунда жети «Алтын топ» бар, анын алтоосун Испания курамасынын оюнчусу катары алган. 2021-жылы Лионель бир клуб үчүн эң көп гол киргизүү боюнча Пеленин рекордун жаңылаган

reklam