reklam
reklam
hava 21° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 745.307 % -0.124
Соңку кабар
reklam
Google News

Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 20га жетти

Son Güncelleme :

20 апреля 2023 - 9:36

reklam
Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 20га жетти
reklam

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Усубалиева Гульмира Тургунбековнадан (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө арыз берген талапкерлердин саны 20га жетти.

reklam